Тоо-кен тармагына корей тилин билүү дэңгээлин аныктоо тестирлөөнүн графиги

02 Октябрь 2024
Тоо-кен тармагына  корей тилин билүү дэңгээлин аныктоо тестирлөөнүн графиги

2024-жылдын 7-октябрь тарта  8-октябрьга чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Корея Республикасынын ишке орноштуруу жана Эмгек министрлигинин  ортосундагы Меморандумдун алкагында  Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасына ишке орноштуруу үчүн 2024-жылына корей тилин билүү деңгелин аныктоо боюнча тестирлөө өткөрүлөт.

 

ТИЗМЕ

 

1) Тестирлөө Бишкек ш.Токтогул көч., 237, дареги боюнча графикке жана ырааттамага ылайык жүргүзүлөт;

2) Кыргыз Республикасынын жарандары тестирлөөгө катышууга жарандык (чет элдик) паспортунун түп нускасын жана 28 АКШ доллары төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны көрсөтүү менен уруксат берилет.