- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Кыргыз Республикасынын Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору ОЭЗ «Алабуга» менен макулдашууга кол койду /
Кыргыз Республикасынын Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору ОЭЗ «Алабуга» менен макулдашууга кол койду

Кыргызстандыктар Европанын эң мыкты өзгөчө экономикалык аймагында мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышат.
Тиешелүү макулдашууга Россия Федерациясында ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору менен Татарстан, Россия Республикасынын "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагынын ортосунда кол коюлду.
"Алабуга" өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги атайын экономикалык аймак Елабуга шаарында жайгашкан, Financial Times басылмасынын маалыматы боюнча ал бир нече жолу Европадагы эң мыкты атайын экономикалык аймак катары таанылган.
«Алабуга» ӨЭАнын негизги приоритеттүү багыттары болуп технологиялык ишкердикти өнүктүрүү, инфраструктураны кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү саналат. Учурда «Алабуга» ӨЭА КМШ өлкөлөрүнөн эмгек мигранттарын тартууга багытталган бир катар долбоорлорду иштеп чыгууда.