Ош шаарында Меморандумдун алкагында студенттер менен жолугушуу

16 Март 2023
Ош шаарында Меморандумдун алкагында студенттер менен жолугушуу

16-март Ош шаарында Чет өлкөгө жарандарды ишке орноштуруу борборунун жана EPS борборунун кызматкерлери тарабынан Ош Мамлекеттик университетинин бутуруучу студенттерине миграциялык багытта, коопсуз жана мыйзамдуу миграция тууралуу маалымат берилди, Кореяга ишке орноштуруу системасы тууралуу маалымат китепчелери таркатылып жана студенттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.

 

Маалыматта Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөгө чыгууда кандай маселелерге токтолуп, жеке агенттиктерге кайрылууда эмнеге көңүл буруусу керектиги көрсөтүлгөн жана башка пайдалуу Кореяга эмгек миграцияга баруу астындагы маалымат жана кенештер берилди.

 

Окшош жолугушуулар Талас жана Каракол шаарларынын студенттери менен март айынын ичинде болуп өттү.