- Негизги бет /
- Пайдалуу маалымат /
- РФнын чет элдик жарандарына карата жаңы медициналык текшерүү талаптары боюнча эскерткич
РФнын чет элдик жарандарына карата жаңы медициналык текшерүү талаптары боюнча эскерткич
РФнын чет элдик жарандарына карата жаңы медициналык текшерүү талаптары боюнча эскерткич.
Ким жана качан медициналык текшерүүдөн өтүшү керек?
29-декабрь 2021 жылдан тарта “Чет элдик жарандардын укутук жобосу боюнча” Федералдык мыйзам (№ 274-ФЗ 1 июль 2021 жыл) күчүнө кирди.
Мыйзамга таянсак, 2021 жылдын 29-декабрынан тарта БААРДЫК келген чет элдик жарандар:
- РФна эмгек ишмердүүлүгүн аткарганы келген учурда, киргенден тарта, 30 календардык күн аралыгында медициналык текшерүүдөн өтүүсү шарт.
- ишмердүүлүктөн сырткары максаттар менен 90 күндөн ашык убакытка келгендер милдетүү түрдө медициналык текшерүүдөн РФна кирген учурда, 90 күн аралыгында өтүүсү керек.
Мыйзамга жазылган норманы аткарбаган учурда кандай жоопкерчиликке тартылат?
Өз убагында медициналык текшерүүдөн өтпөгөн чет элдик жарандар үчүн РФда калуу мөөнөтү кыскартылып, ошондой эле административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн (айып пул төлөө).
Кайсыл жерде медициналык текшерүүдөн өтүү мүмкүн жана канча турат?
Медициналык текшерүүнү РФда гана жайгашкан, атайын дайындалган мекемелерде өтүү мүмкүн. Текшерүүнүн баасы 4000 ден 6500 рубльга болот.
Медициналык текшерүүгө эмне кирет?
Чет элдик жарандар төмөнкү инфекциондук дарттарга анализ тапшыруусу шарт: кургак учук, ала (Гансен оорусу), сифилис, АИВ – инфекциясы.
Ошондой эле, организмде баңгизаттар жана психотроптук заттарды аныктоочу экспертиза өткөрүлөт.
Чет элдик жарандын организминен инфекциялык дарттар же бангизат/психотроптук заттар табылган учурда эмне болот?
Эгер текшерүүнүн жыйынтыгы оң болсо чет элдик жарандар легалдуу түрдө РФнын аймагында калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт:
- Текшерүүнүн жыйынтыгында чет элдик жарандан АИВ-инфекциясы табылган учурда, өмүр бою РФна кирүүгө тыйу салынат
- Эгер, текшерүүнүн жыйынтыгында башка дарттар табылып же бангизат/психотроптук заттарды колдонгондугу такталса, убактылуу РФнын аймагына кирүүгө тыйу салынат.
Россияга баруунун алдындагы сунуштар:
АИВ-ИНФЕКЦИЯСЫ БОЮНЧА КЕНЕНИРЭЭК МААЛЫМАТ АЛЫҢЫЗ
АИВ-ИНФЕКЦИЯСЫ - бул адамдын иммундук системасынын клеткаларын жабыркатуучу вирустан келип чыккан дарт.
Ал адамдын иммунитетин бузат. Ал эми иммунитет - бул биздин организмди коргоочу система. АИВ-инфекциясынын акыркы стадиясы КИЖС - кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому, ал учурда организм өз алдынча башка инфекцияларга туруштук бере албай калат.
АИВге ТЕСТ ТАПШЫРЫП, ӨЗҮҢҮЗДҮН СТАТУСУҢУЗДУ БИЛИҢИЗ
Сырткы келбетти карап АИВ-инфекциясынын бар же жогун аныктоо мүмкүн эмес. Адамдын организминдеги вирусту аныктоонун бир гана жолу бар – бул АИВ тестин тапшыруу.
- АИВга чалдыккан учурда статусту өз убагында билүү эң маанилүү. Себеби, ошондо адам дарылоону өз убагында баштоосуна жана организмдеги АИВ-инфекциясын көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дарылануунун менен адамдын дени сак болуп, толук кандуу узак жашоого мүмкүнчүлүк болот.
- Кирүүгө тыюуу тобокелчилигине кабылбаш үчүн РОССИЯГА КЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА АИВ-инфекциясына жана кургак учукка анализ тапшыруу эң туура чечим.
Кыргызстанда сиз АИВ-инфекциясына бекер жана купуя түрдө анализ тапшыра аласыз:
- Баардык мамлекеттик АИВ/КИЖСна каршы борборлордо; (шилтеме)
- Мамлекеттик эмес АИВ-сервистик уюмдарда;
Ошондой эле паспорт менен акы төлөп баардык жеке лабараторияларда.
РОССИЯДА БОЛГОНДО АИВ-ИНФЕКЦИСЫНАН ӨЗҮҢҮЗДҮ КАНТИП КОРГОЙ АЛАСЫЗ.
АИВ-инфекциясын жуктуруп алуунун үч гана жолу бар:
- Жыныстык жол: корголбогон (презервативи жок) жыныстык катнаш аркылуу;
- Кан аркылуу: стерилдүү эмес шаймандар (шприц, ийне) менен бангизаттарды колдонуу учурунда, стерилдүү эмес медициналык шаймандарды пайдаланганда, татуировка же/жана пирсинг кылуунун учурундагы стерилдүү эмес жабдыктарды пайдаланганда;
- АИВ статусу бар энеден балага: боюнда бар учурда, төрөт учурунда жана эмизүү учурунда.
Кол алышууда, кучакташууда, өбүшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө ошодой эле дараткананы чогуу пайдаланганда АИВ-инфекциясы жукпайт.
АИВдан өзүңүздү коргоо учүн ар бир жыныстык катнашта презерватив колдонуп жана бангизаттарды колдонбоңуз.
АИВни алдын алуу жана тестирлөө боюнча бекер, купуялуу, конфиденциалдуу түрдө кызматтарды РФда алуу үчүн кийинки уюмдарга кайрылуу болот (шилтеме).
РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА ЖҮРГӨНДӨ АИВ АНЫКТАЛСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК.
Чет элдик жаранда РФнын аймагында АИВ-инфекциясы талаптуу медициналык текшерүүдөн аныкталган учурда легалдуу калууга мүмкүнчүлүк жок.
Ден-соолукту сактоо үчүн, эң башкысы дарыланууну эрте баштоо керек – реторовируска каршы препараттарды колдонуу керек. Реторовируска каршы терапия АИВ менен жашаган адамдардын өмүрүн сактайт.
Эскертүү, канчалык дарылануу эрте башталса ошончолук адамдын ден-соолугун сактап калуу мүмкүнчүлүгү чоң.
Россия Федерациясынын аймагында чет элдик жарандарга бекер АИВ-инфекциясын дарылоо кызматы жок.
Бекер жана сапаттуу медициналык жардам менен дарылоо Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргызстандын баардык КИЖС борборлорунда жана башка саламатты сактоо мекемелеринде, АИВ менен жашаган адамдардын баардыгына жеткиликтүү. Ал кызматты алуу үчүн кайра Кыргызстанга кайтып келип диспансердик көзөмөлгө туруу керек.