- Главная /
- Новости /
- Бүгүн, 10-мартта, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөгө ишке орношуусу үчүн кыйла ыңгайлуу өлкөлөрдү баалоо" презентациясы болуп өттү /
Бүгүн, 10-мартта, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөгө ишке орношуусу үчүн кыйла ыңгайлуу өлкөлөрдү баалоо" презентациясы болуп өттү
Бүгүн, 10-мартта, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөгө ишке орношуусу үчүн кыйла ыңгайлуу өлкөлөрдү баалоо" презентациясы болуп өттү.
Презентацияга КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери, ошондой эле КР ЖК Төрагасынын алдындагы Миграция маселелери боюнча Кеңештин, Эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Изилдөөнүн максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек миграциясы үчүн жагымдуу өлкөлөрдүн тизмесин аныктоо болгон.
Изилдөөдө төмөнкү өлкөлөр белгиленди: Германия, Италия, Испания, Бельгия, Франция, Түштүк Корея, Турция, БАЭ, Улуу Британия, АКШ жана Канада.
Изилдөө Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, мамлекеттик органдардын, жарандык коом уюмдарынын, иш менен камсыз кылуунун жеке агенттиктеринин, диаспоралардын, ошондой эле миграция жаатындагы эксперттердин жардамы менен даярдалган.
Бет ачардын жүрүшүндө Министр Кудайберген Базарбаев жолугушуунун катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Президент С. Н.Жапаровдун "миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында ведомство тарабынан кыргызстандыктардын эмгек миграциясы үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.
"Биз эмгек рыногун диверсификациялоо боюнча тутумдуу жана ар тараптуу иштерди жүргүзүп жатабыз, өлкө жарандарынын эмгек миграциясы үчүн жаңы багыттарды иштеп чыгуудабыз жана ачабыз. Улуу Британия, Түштүк Корея, Япония жана башка өлкөлөр кыргызстандыктарга жеткиликтүү болуп калды.
Өз кезегинде АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигер министрликтин кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн шарттарды түзүүгө багытталган демилгелерин колдоого даяр экендигин билдирди.
"АКШ өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коопсуз миграцияны камсыздоо жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча аракеттерин колдойт. Биз бул изилдөө мындан аркы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө жана кыргызстандыктарды коопсуз миграциялык жолдор менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз", - деп белгиледи элчи Вигери.
Бул жолугушуу адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө, адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоого жана коопсуз миграцияны илгерилетүүгө багытталган Winrock International "Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” ишке ашырылып жаткан USAID долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.