Бүгүн, 22-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британиянын GLAAI уюму ортосунда өнөктөштүк жөнүндө Меморандумга кол коюлду

22 Май 2023
Бүгүн, 22-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды  чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британиянын GLAAI уюму ортосунда өнөктөштүк жөнүндө Меморандумга кол коюлду

 

Бүгүн, 2023-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британия уюму  "Gangmasters and Labour Abuse Authority" (Эксплуатациялоого жана эмгек мыйзамын бузууга каршы аракеттенүү кызматы) ортосунда кызматташттык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

 

Кызматташтык жөнүндөгү меморандум мыйзамсыз ишке орноштурууга каршы күрөшүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын убактылуу айыл чарба тармагына мезгилдик жумуштарда Улуу Британияда иштеп жаткан жарандарынын укуктарын жана алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, аларга маалыматтык жана юридикалык жардам берүүгө багытталат.

 

GLAA Улуу Британия өкмөтүнүн Эксплуатациялоого жана эмгек мыйзамын бузууга каршы аракеттенүү кызматы болуп саналат.

 

Аталган кызмат айыл чарба тармагында мезгилдик жумуш программасынын операторлорун аккредитациялоо жана Улуу Британияда чет өлкөлүк жарандарды жумушка орноштуруу үчүн милдеттүү болгон GLAA лицензиясын берүү боюнча Улуу Британия Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу уюму жана мыйзамсыз жумушка орношуунун алдын алат.

 

_____________________________________________

 

Сегодня, 22 мая 2023 года был подписан меморандум о сотрудничестве между Центром трудоустройства граждан за рубежом при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики и Британской организацией «Gangmasters and Labour       Abuse         Authority» (Служба по противодействию эксплуатации и нарушениям трудового законодательства).

 

Меморандум о сотрудничестве направлен на борьбу с незаконным трудоустройством и защиту прав и законных интересов граждан Кыргызской Республики, работающих в Великобритании на временной сезонных работах в сельскохозяйственной отрасли, также оказание им информационной и юридической помощи.

 

GLAA это служба реагирования правительством Великобритании на эксплуатацию и нарушения трудового законодательства.

 

Эта служба является уполномоченной организацией правительства Великобритании по аккредитации операторов программ сезонной занятости в сельском хозяйстве и выдаче лицензии GLAA, которая является обязательной для найма иностранных граждан в Великобритании и предотвращает незаконное трудоустройство.