- Главная /
- Новости /
- Бүгүн, Борбордо Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине 65 жаранга чет өлкөгө чыгуу алдында окутуу өткөрүлдү /
Бүгүн, Борбордо Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине 65 жаранга чет өлкөгө чыгуу алдында окутуу өткөрүлдү
Бүгүн, Жарандарды чет өлкөлөгө ишке орноштуруу борборунда Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине 65 жаранга коопсуз миграциянын жана алдын ала даярдоонун негиздери боюнча окутуу өткөрүлдү.
Жарандарды чет өлкөлөгө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британиянын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу операторунун ортосунда Улуу Британияга Кыргызстандын жарандарын ишке орноштурууну караган макулдашуунун негизинде, Кыргызстан үчүн 2023-жылга квота 3 миң адамды түзөт. Бишкек жана Ош шаарларында Улуу Британияга Айыл чарба иштерине чыгуу үчүн талапкерлер топому жана бетме бет аңгемешуулөр өткөрүлгөн, учурда виза алуу процесси жүрүүдө.
⌛Эмгек келишимдин мөөнөтү - 6 айга чейин.
💰 Төлөө - саатына 10 фунт стерлинг.
📌2022-жылы Жарандарды чет өлкөлөгө ишке орноштуруу борбору менен Эгри эчар жеке компаниясынын ортосундагы келишимдин алкагында Улуу британияга Айыл чарба иштерине 1500 жаран жөнөтүлгөн.
Бардык суроолор боюнча Ишеним телефон +996 220 230 064 W/A