Эмгек министрлиги жана Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттиги кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашышты

22 Сентябрь 2022
Эмгек министрлиги жана Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттиги кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашышты

Эмгек министрлиги жана Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттиги кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашышты.


КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Германиянын ишке орноштуруу федералдык агенттиги ГФРДА кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу жаатында өз ара аракеттенүү меморандумуна кол коюшту.


Меморандум тышкы эмгек рыногун диверсификациялоого мүмкүндүк берет, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтет жана бекемдейт.


Эмгек министрлиги белгилегендей, тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө өз ара маалымат алмашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Германиянын федералдык өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы горизонттору түзүлөт.
Германиянын ишке орноштуруу Федералдык агенттигинин делегациясы билим берүү жана илим министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз-Герман техникалык институтунун, кыргыз-герман колдонмо информатика институтунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.