Кыргыз Республикасындагы кореялык EPS программасынын жетекчиси Ким Ынмен мырза Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын Кореяга жөнөтүүдөгү коррупцияга байланыштуу сүйлөгөн сөзүнө жооп берди

15 Сентябрь 2022
Кыргыз Республикасындагы кореялык EPS программасынын жетекчиси Ким Ынмен мырза Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын Кореяга жөнөтүүдөгү коррупцияга байланыштуу сүйлөгөн сөзүнө жооп берди

 

Кыргыз Республикасындагы кореялык EPS программасынын жетекчиси Ким Ынмен мырза Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын Кореяга жөнөтүүдөгү коррупцияга байланыштуу сүйлөгөн сөзүнө жооп берди.



Корея тарап берген маалыматта: EPS (Кореяга жумушка орношууга уруксат берүү тутуму) программасы 2004-жылдан бери иштеп келе жатат жана биринчи кезекте коррупциянын алдын алууга жана БУУнун мамлекеттик башкаруу сыйлыгы менен сыйланган жеке брокерлердин кийлигишүүсүнө багытталган. Ал эми бул система Кыргызстанда 2007-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Жумушчуларды тандоо жана чыгып кетүүнү жактыруу корей тарап өздөрү гана кабыл алышат.



Ошондой эле бардык аракеттер максималдуу компьютерлештирилген жана кызматкерлерди тандоо, жөнөтүү системасына кийлигишүү мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасындагы EPS борбору коррупция фактыларын болтурбоо максатында жарандарга алдын ала кабарлайт жана тестке катышуу, окутуу, медициналык текшерүү, виза берүү жана авиабилеттерди сатып алуу үчүн акы төлөө процессин дайыма көзөмөлдөп турат"- деп айтылат.



Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул жылы чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору Кореяда жарандарды иш менен камсыз кылуу иштерин күчөтүп, кореялык жумуш берүүчүлөрдүн арасында эмгек ресурстарын жайылтуу боюнча иштер жүргүзүп келет.



Аталган борбордун алгылыктуу аракеттеринин натыйжасында Корея Респуликасы тарабынан бөлүнгөн квота 750дөн 1800гө чейин көбөйтүлүп, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 500гө жакын жаран иш менен камсыз болду. Жылдын аягына чейин Корея республикасына 1000ден ашык адамды жиберүү аракеттери көрүлүп жатат. Акыркы 6 жылда мындай көрсөткүч боло элек.



Эске сала кетсек, берилген программага ишенбестиктин түзүлгөн атмосферасы жарандар арасында ийгиликтүү жана популярдуу программанын жабылышына алып келиши мүмкүн.