Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Билдирүүсү Согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуусунда кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленгенин эскертет

22 Сентябрь 2022
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин  Билдирүүсү   Согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуусунда кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленгенин эскертет

Элчиликтин 21-сентябрдагы билдирүүсү



Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы тарабынан Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн контракт түзгөн чет өлкөлүк жарандардын Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзам актыларынын кабыл алынышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуусунда кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленгенин эскертет.



Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.



Кыргыз Республикасынын жарандарына кандайдыр бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келип түшкөн учурда, Элчилик Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө токтоосуз кайрылууну өтүнөт.