Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен чын дилден куттуктайбыз!

23 Сентябрь 2025
Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен чын дилден куттуктайбыз!

 

Урматтуу мекендештер, урматтуу кесиптештер!

 

Сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен чын дилден куттуктайбыз!

 

Бул күн — кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн жана маданий-тарыхый мурастарын жайылтуу максатында белгиленип, жыл сайын салтанаттуу түрдө майрамдалып келет.

 

Эне тилин билүү – ар бир адамдын өз маданиятына болгон терең урмат-сыйы. Андыктан, көөнөрбөс байлыктай болгон кыргыз тилибиз бүгүнкү жана келечек муундун аң-сезиминде улуу мурас катары аздектелип, аяр сакталышы керек. Тарых тастыктагандай, өз эне тилин унуткандар улут катары жок болуп, тарых барактарынан өчүп калышкан.

 

Кыргыз тили – маданиятыбыздын бүтүндүгүнүн, мамлекетибиздин туруктуулугунун жана биримдигинин, улуттар аралык ынтымактын данакери болсун.

 

Дагы бир жолу, тарыхый эс-тутумубуз, улутту улут кылган нарк-насилибиз, санжыралуу санаттарыбыз башат алган улуу тил майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

 

 

Директор                                                                      Б.Э. Кудайбердиев