Миграция маселелери боюнча Маалыматтык киоскалар ишке кирди
Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору жана Winrock International ишке ашырылып жаткан "Борбордук Азиядагы коопсуз миграция" USAID долбоору менен биргеликте миграция маселелери боюнча, адамдарды сатуунун алдын алуу жана Кыргызстандан чет өлкөлөргө кетип жаткан мигранттардын укуктарын коргоо боюнча Маалыматтык киоскаларды ишке киргизди.
Өлкө боюнча тогуз Маалыматтык киоскалар орнотулган:
Бишкек аэропортунда – 2
Ош аэропортунда – 2
Баткен аэропортунда -1
Жалал-Абад аэропортунда – 1
Бишкек-2 темир жол вокзалында -1
Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунда Бишкекте -1, Ош филиалында – 1
Киосктор кетип жаткан жарандарга алардын укуктары жана адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн кандай кадамдарды жасашы керектиги жөнүндө маалымат берет.
Киосктордо төмөнкү маалыматтар бар:
- Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын "кара тизме" тизмесиндеги өз маалыматтарын онлайн-режимде текшерүү;
- мыйзамдуу жана коопсуз миграция жөнүндө, анын ичинде жарандарды чет өлкөгө ишке орноштурууга уруксаты бар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери боюнча так жана актуалдуу маалыматтарды алууга;
- чет өлкөдө каза болгон "жүк 200" жарандардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдар боюнча бир жолку төлөмдү алуу тартиби жөнүндө жаңыланган маалыматка жетүү;
- КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин тизмеси жана алардын даректери менен таанышса болот (элчиликтер, консулдуктар, диаспоралык уюмдар ж. б.);
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөргө эмгек миграциясына байланыштуу актуалдуу жана жаңыртылган жаңылыктарды алуу;
- коопсуз миграция маселелери боюнча керектүү маалыматтарды алуу үчүн Ишеним байланыш операторлордун телефонун ала аласыздар;
- коопсуз миграция тууралуу кыска видеолорду да көрө алышат.
Маалыматтык киоск менен колдонуунун оңойлугу үчүн, ал атайын сенсордук монитор менен жабдылган, бул аны экранга тийүү менен башкарууга мүмкүндүк берет. Сенсордук интерфейсти куруу кызыктырган маалыматка тийүүнүн интуитивдик принцибине негизделген-колдонуучу аны кызыктырган нерсеге манжасын гана тийгизиши керек. Сенсордук экран тийүүгө дароо жооп берет. Киосктар күнү-түнү жана күн сайын тынымсыз иштешет.