- Главная /
- Новости /
- Отправили очередную группу из 38 граждан Кыргызстана, получившие трудовые контракты в Республику Корея /
Отправили очередную группу из 38 граждан Кыргызстана, получившие трудовые контракты в Республику Корея
Бүгүн, Корея Республикасына жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунда 38 жаранды чыгуу алдындагы окутуу жана жөнөтүү болуп өттү.
EPS программанын алкагында 15 жылдан бери чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору иштеп келет жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасынын ишканаларына ийгиликтүү ишке орноштурат. Меморандум колдонулуп жаткан мезгилде 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орноштурулган.
Азыркы учурда Корея Республикасында EPS программасы боюнча 1,5 миңге жакын жаран эмгектенет. Жумушка кеткендердин жалпы санынын көпчүлүгү тамак-аш, химия жана кагаз өнөр жай ишканаларында пластмассадан, резинадан жана айнектен жасалган буюмдарды өндүрүүдө.
Корея Республикасында эмгектенген эмгек мигранттарынын орточо эмгек акысы жашаган жери жана тамак-ашы (толук же жарым-жартылай) иш берүүчүнүн эсебинен келип чыккандыгын эске алуу менен 1 800 АКШ долларын түзөт.
Программанын негизги талабы-корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү. 2022 – жылы корей тилин билүү тестине 1500дөн ашык жаран катышты-тесттен 360 адам ийгиликтүү өтүп, Корея Республикасынын жумуш берүүчүлөрү тарабынан тандалып алынган.
2023-жылга Бишкек шаарынын 11-12-апрелинде жана Ош шаарынын 13-14-апрелинде тестирлөөгө катышууга каттоонун алдын ала күнү бекитилди.
Толук маалымат веб-сайтта www.migrant.kg "пайдалуу маалымат" бөлүмүндө.
____________________________________________________
Сегодня, в соответствии с Меморандумом о взаимопонимании между уполномоченными государственными органами по отправке и приему рабочей силы в Республику Корея в Центре трудоустройства граждан за рубежом при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики (ЦТГР) состоялось предвыездное обучение и отправка 38 граждан.
В рамках данной программы EPS, на протяжении 15 лет Центр трудоустройства граждан за рубежом проводит работу и успешно трудоустраивает граждан Кыргызской Республики на предприятия Республики Корея.
В период действия Меморандума было успешно трудоустроено свыше 5 тыс. граждан. В настоящее время в Республике Корея по программе EPS трудятся порядка 1.5 тыс. граждан. Из общего числа выехавших на работу большая часть трудится на предприятиях пищевой, химической и бумажной промышленности на производстве изделий из пластмассы, резины и стекла.
Средняя заработная плата трудовых мигрантов, осуществляющих трудовую деятельность в Республике Корея составляет порядка 1 800 долларов США, с учетом того, что проживание и питание (полное или частичное) идет за счет работодателя.
Основным требованием программы является знание корейского языка на должном уровне. В 2022 году более 1500 граждан участвовало в тесте на знание корейского языке – успешно прошли тест 360 человек, которые получили возможность быть отобранными работодателями Республики Корея.
На 2023 год утвердилась предварительная дата регистрации на участие в тестировании г.Бишкек 11-12 апреля и г.Ош 13-14 апреля.