- Главная /
- Новости /
- Урматтуу мекендештер, сиздерди Ата-мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайбыз! /
Урматтуу мекендештер, сиздерди Ата-мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайбыз!
23 Февраль 2023

Урматтуу мекендештер, сиздерди Ата-мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайбыз!
Бул күн –эрдиктин, кайрат жана ар-намыстын майрамы катары, биздин тарыхыбызда өзгөчө орду бар.
Ар бир Кыргызстандык, кайсыл тармакта иштебесин, аскер кызматында болобу, жарандык иш менен алек болобу –биринчи кезекте ал Мекен коргоочу болуп эсептелинет. Өзгөчө жаш муунга кайрылабыз, байыртадан бери келген улуу аскер каада-салттарыбызды сактап, жарандык милдетиңерди ак ниет менен аткарууга чакырабыз. Баардыңыздарга бекем ден-соолук, узун өмүр,эрдик жана ийгилик каалайбыз!