Ысык-Көлдүн жээгинде балдар интернаттарынын окуучулары жана мигранттардын балдары үчүн коопсуз миграция жана ишке орноштуруу боюнча жайкы мектептердин сериясы аяктады

15 Сентябрь 2022
Ысык-Көлдүн жээгинде балдар интернаттарынын окуучулары жана мигранттардын балдары  үчүн коопсуз миграция жана ишке орноштуруу боюнча жайкы мектептердин сериясы аяктады

2022-жылдын июнь жана август айларында Оэйсис Кыргызстан Фонду КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 80 балдар интернаттарынын окуучулары жана эмгек мигранттарынын балдары үчүн коопсуз миграция жана ишке орноштуруу боюнча эки жайкы мектеп  өткөрдү.

 

Жайкы мектептердин жүрүшүндө катышуучулар интерактивдүү сессиялар, квесттер, викториналар жана команда куруу боюнча иш-чаралар аркылуу коопсуз жумушка орношуу жана миграция, интернет коопсуздугу жана адам сатуунун алдын алуу боюнча өздөрүнүн билимдерин кеңейтишти. Ошондой эле билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, турак жайга ээ болуу, социалдык жактан коргоо жана документтерди алуу\калыбына келтирүү боюнча маалымат алышты. Oэйсис Фонду өткөргөн жайкы мектептер  аялуу жаштар үчүн мындан аркы көмөктөшүү жана колдоо үчүн башталгыч аянтча болуп саналат. Туруктуу колдоо максатында ар бир катышуучу Оэйсис Фондунун “Билим-Белек” - билим берүү жана насаатчылык программасына катышууга мүмкүнчүлүк алды. 

 

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, министрлик, интернаттык мекемелердеги балдарды, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жана эмгек мигранттарынын балдарын колдоого өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

 

«Коопсуз жумушка орношуу жана миграция боюнча жайкы мектепте алган билимдер интернаттык мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнө, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга жана эмгек мигранттарынын балдарына мыйзамсыз миграциядан жана мыйзамсыз ишке орношуудан коргонууга жардам берет», - дейт Жаңыл Алыбаева .

 

«Мага  жайкы мектеп абдан жакты, балдар менен таанышып, миграция, коопсуз иштөө жана окуу боюнча көптөгөн жаңы маалыматтарды билдим. Мен адам сатуу Кыргызстанда да бар экенин билдим, өлкөдөн чыгууда сөзсүз түрдө эмгек келишимин түзүү керектигин түшүндүм. Мага кечки иш-чаралар абдан жакты, кеңешчилер ар дайым колдоп, жардам берип турушту», — деп бөлүштү Байтур Аттокуров, жайкы мектептин катышуучусу, Жалал-Абад областындагы мектеп-интернаттын бүтүрүүчүсү.

 

Жайкы мектептер «Бирөөгө кам көрүү, бардыгына кам көрүү» долбоорунун алкагында,   Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин «Борбор Азиядагы коопсуз миграция» долбоорунун колдоосунда жана Кыргыз Республикасынын Эмгек социалдык камсыздоо, социалдык коргоо жана миграция, Билим берүү жана илим министрликтери менен бирге өткөрүлдү. 

 

Кошумча маалымат алуу үчүн Оэйсис Кыргызстан Фондуна телефондор / WhatsApp / Telegram +996772554508, +996770554503 жана info@oasiskg.org электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.