Жалпы маалымат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору

 

ЖЧОИОБнун максаты Кыргыз Республикасынын жарандарына тышкы эмгек рыногунда ишке орношууга көмөк көрсөтүү болуп саналат

 

ЖЧОИОБнын негизги функциялары:

 

  • Кызмат жүргүзгөн мамлекеттик миграция саясатын жүзөгө ашырууга катышат;
  • Иш берүүчүлөр, иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер жана башка кызыкдар тараптар менен өнөктөштүк мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана келишимдерди түзөт;
  • Түзүлгөн келишимдердин алкагында иш берүүчүлөр жана бош иш орундары, ошондой эле чет өлкөлөрдө иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө маалыматтарды жыйноону жана жаңыртууну ишке ашырат;
  • Чет өлкөлөрдө ишке орношуу үчүн уруксат берүүчү зарыл болгон документтерди тариздөөгө Кыргыз Республикасынын жарандарына көмөк көрсөтөт;
  • Жарандарга тышкы эмгек миграциясы жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө уюшкандыкта ишке орноштуруу маселелери боюнча маалымат жана консультация берет, аларды ишке орноштурууга көмөктөшөт;
  • Кызматкерлерди тандап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырат;
  • Ишке орношуучу өлкөлөрдө болуунун социалдык, маданий жана башка шарттары, иш берүүчүлөр жана башка кызыкдар тараптар менен эмгек келишимдерин түзүүнүн укуктук аспекттери жөнүндө жарандарга маалымдайт;
  • Чет өлкөлөрдө иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын МКБнын иш издөөчүлөр маалымат базасында каттайт;
  • Иш берүүчүнүн талаптарына жарандардын квалификациялык ылайыктуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүүгө уруксат берет;