При мэрии города Ош прошло заседание Координационного совета по предупреждению и борьбе с торговлей людьми

23 Август 2023
При мэрии города Ош прошло заседание Координационного совета по предупреждению и борьбе с торговлей людьми

Бүгүн, 2023-жылдын 23-августунда  Ош шаарынын мэриясынын алдындагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин отуруму өткөрүлдү. 


Отурумга, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Б.С. Айдакеева, Ош шаарынын мэринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы Н.С. Кадыров, ЕККУнун Бишкек шаарындагы кеңсесинин өкүлү А.Т. Ишматов, Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун өкүлү А.К.Ташбулатов, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Н.А. Закиров, Ош шаардык ички иштер башкармалыгын башчысынын орун басары К.М. Айдакеев, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы К.А. Абдуллаев, Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун координатору М.Н. Кыдырмышев жана Ош шаарындагы муниципальдык аймактык башкармалыктын башчылары катышышты. 

 

Жыйындын жүрүшүндө коопсуз миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Жыйында кеңештин катышуучулары актуалдуу маселелерди талкуулап, мыйзамсыз миграцияны болтурбоо жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алмашышты. Иш-аракеттерди координациялоого жана бул көрүнүштөр менен күрөшүүгө жардам бере турган жалпы пландарды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

 

Жыйындын жүрүшүндө мигранттардын коопсуздугун жана укуктарын коргоо, ошондой эле адам сатуунун алдын алуу үчүн ведомстволор аралык кызматташтыкты жана биргелешкен аракеттерди бекемдөөгө багытталган ар кандай демилгелер сунушталып, талкууланды. Кеңештин катышуучулары бул көрүнүштөр менен байланышкан кыйынчылыктарды жеңүү үчүн биргелешкен аракеттердин жана маалымат алмашуунун зарылдыгын белгилешти.

 

Ошондой эле отурумда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбор тарабынан аткарылып жаткан иштер жана эл ектрондук migrant.kg сайтындагы маалыматтар, коопсуз миграция багытындагы маалыматтар берилди.