Сак болгула Улуу Британияга жана Европа өлкөлөрүнө жумушка орношуу боюнча алдамчылык фактылары көбөйдү

07 Май 2024
Сак болгула Улуу Британияга жана Европа өлкөлөрүнө жумушка орношуу боюнча алдамчылык фактылары көбөйдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана уруксаты бар жеке ишке орноштуруу агенттиктери гана Улуу Британияда жумуш издегендер үчүн ишенимдүү булак болуп саналат.

 

Ошол эле учурда Борбор жарандарды жалган жөнөтүүчүлөр тарабынан алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгын эскертет, алар материалдык пайда көрүү максатында, алдоо жолу менен Улуу Британияда жана Европа континентинин өлкөлөрүндө жарандарды жумушка орноштурууга укуксуз негизде убадаларын беришет. Ошондой эле Борбор жарандарды “Instagram” жана “Facebook”социалдык платформаларында таргет-жарнама аркылуу таратылган жарнак материалдарына жана чет элдик агенттиктерге ишенбөөнү чакырат.

 

Ошондой эле, жарандарды жумушка алуу процедурасы Улуу Британияда акысыз негизде жүргүзүлөрүн, анда арыз берүүчү өз алдынча авиабилет сатып алып, жумуш визасын алуу үчүн консулдук жыйымды төлөй тургандыгын белгилей кетүү керек.

 

Борбор жарандарды www.migrant.kg расмий сайтынан чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттигинин мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырат.

 

Толук маалыматты КР ЭСКММ караштууЖарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан алууга чакырат, дареги: Бишкек ш., Токтогул көч. 237-үй; Ош ш., Ленин көч. 221-үй, ошондой эле төмөнкү телефондор боюнча кеңеш алсаңыз болот: т.1899 (ишеним телефону), +996559189900 (WhatsApp) же www.migrant.kg расмий сайтынан.