18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнү!

18 Декабрь 2024
18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнү!

Бүгүн, 18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнү белгиленет - бул мигранттардын өздөрүнүн жакындарынын жакшы жасоосуна, өз мамлекеттеринин коомчулугунун жана экономикасынын өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымын таануу, ошондой эле алар туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу күнү.

Миграция жалпы дүйнөнү камтыганпроцесс жана адамдардын турмушунда чоң ролго ээ. Миллиондогон адамдар татыктуу жумуш, жакшы келечек жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө үчүн өз өлкөлөрүнөн тышкары жакка кетишет. 

Кыргызстан да активдүү миграциялык динамикасы бар өлкө катары күн сайын миграциялык процесстердин таасирин сезип турат. Чет өлкөлөрдөгү биздин жарандар үй-бүлөлөрүн колдоо жана маданияттар аралык байланыштарды чыңдоо менен өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошууда. 

Ошол эле кезде Кыргыз Республикасы эмгек мигранттарын сырткы жумуштарга жөнөтүүчү эле эмес, экономикалык жетишүүлөрдүн жана жумуш орундарынын көбөйүп жатышынын натыйжасында башка өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарын кабыл алуучу да мамлекетке айланууда. 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору эмгек миграциясын жөнөкөйлөтүүнүн, чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизди колдоонун жана алардын укуктарын коргоонун үстүндө жигердүү иштеп жатат. Борбордун кызматкерлери коопсуз жана мыйзамдуу миграцияны камсыз кылуу, ошондой эле эмгек мигранттарына маалыматтык жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча бардык күч-аракетин жумшоо менен ийгиликтүү эмгектенүүдө.

Бул күнү биз бардык жарандарды мигранттардын эмгеги канчалык маанилүү экенин эстөөгө жана үйдөн алыс жүргөндө эмгеги жана өжөрлүгү менен үй-бүлөсүнүн бакубаттуулугун камсыздап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жаткан мекендештерибизге колдоо көрсөтүүгө чакырабыз.

Эл аралык мигранттар күнү бизге төмөнкүлөрдүн зарылдыгын эскертип турат :

  • Мигранттардын татыктуу эмгеги жана жашоосу үчүн шарттарды түзүү;
  • Дискриминацияга каршы туруу жана мигранттардын кабыл алуучу өлкөлөрдө интеграциялануусун колдоо;
  • Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышты чыңдоо.

Бардык мигранттарга өз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы, эмгекчилдиги жана үй-бүлөсүнө берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз. Аракетиңиздер ар дайым берекелүү, жолуңуздар ачык жана  коопсуз болсун!