Жалпы маалымат

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо чыгымдарын тарткан адамдарга же жакын туугандарына бир жолку төлөм, төмөнкүдөй бекитилген өлчөмгө ылайык берилет:

Кыргыз Республикасынын аймагында МКБ тарабынан улуттук валютада, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөө күнүндөгү курсу боюнча, алыш-бериш эсебине которуу жолу менен;

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү/консулдук мекемелери тарабынан чет өлкөлүк валютада алыш-бериш эсебине которуу жолу менен, ал жок болгон учурда накталай акча менен.

 

Бир жолку төлөм алуу укугу

 

Жакын тууганынын атынан нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде иш-аракет жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жаранынын сөөгүн репатриациялоо менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды тарткан  адам же жакын тууганы (мындан ары - алуучу) бир жолку төлөм алууга укуктуу.

 

Бир адам гана алуучу болуп саналат.

 

Бир жолку төлөмдү алуу арызы Кыргыз Республикасынын жараны кайтыш болгон күндөн тартып алты айдан кем эмес мөөнөттө МКБга же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө/консулдук мекемелерине берилүүгө тийиш.

Бир жолку төлөмдү алуу үчүн алуучу Кыргыз Республикасынын аймагында МКБга,  ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кайтыш болгон Кыргыз Республикасынын жараны убактылуу же туруктуу жашаган жердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө/консулдук мекемелерине паспортун көрсөтүү менен, ушул Нускаманын тиркемесине ылайык формада арыз жазат.