2025-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын 37 жаранынан турган кезектеги топту Корея Республикасына EPS ишке орноштуруу тутуму боюнча кетээр алдындагы окутуу жана жөнөтүү уюштурулду

19 Февраль 2025
2025-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын 37 жаранынан турган кезектеги топту Корея Республикасына EPS ишке орноштуруу тутуму боюнча кетээр алдындагы окутуу жана жөнөтүү уюштурулду

📅 2025-жылдын 17-февралында EPS (Employment Permit System) ишке орноштуруу системасынын алкагында Кыргыз Республикасынын 37 жараны Корея Республикасында иштөө үчүн жөнөп кетти. Бул сапар алдында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору алар үчүн 5 күндүк кетээр алдындагы окутуу өткөрдү. Окутуунун негизги максаты – корей тилинде практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү жана иштөө чөйрөсүнө ылайыкташуу.

 

Окуу программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

Маданияттар аралык түшүнүшүү жана адаптация – Корея Республикасынын маданияты жана тарыхы менен таанышуу.
Социалдык нормаларды билүү – жүрүм-турум эрежелери, эмгек этикасы жана каада-салттар.
Корей тилин тереңдетип үйрөнүү – ийгиликтүү иштөө жана интеграция үчүн тил деңгээлин жогорулатуу.
Практикалык даярдык – жетекчилик жана кесиптештер менен натыйжалуу баарлашуу көндүмдөрүн өркүндөтүү.

 

📌 Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору акыркы 18 жыл ичинде Кыргызстандын жарандарынын Корея Республикасына ишке орношуусун ийгиликтүү уюштуруп келет.


Корея Республикасынын Эмгек министрлиги менен түзүлгөн меморандумдун алкагында 5000ден ашуун КР жараны расмий ишке орношкон.

 

Учурдагы абал:

🔹 Бүгүнкү күндө EPS программасынын негизинде Корея Республикасында 1500 ашуун КР жараны эмгектенип жатат.
🔹 Алардын көбү өндүрүш тармагында эмгектенишет, анын ичинде:

  • тамак-аш өнөр жайы;
  • химиялык өнөр жай;
  • кагаз өндүрүү;
  • пластик, резина жана айнек чыгаруучу заводдор.

 

💰 Орточо эмгек акы1500 АКШ доллары, мында жашоо жана тамактануу чыгымдары (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.

📢 Маанилүү! EPS программасына катышуу үчүн корей тилин жетиштүү деңгээлде билүү талап кылынат.

📌 Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кыргыз жарандарынын чет өлкөдө иштөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш алып барууну улантууда.