- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- 2025-жылдын 19-20 апрелинде Бишкек шаарында корей тили боюнча сынагынын экинчи этабы "Skills -Test" өндүрүш тармагына өтүп жатат /
2025-жылдын 19-20 апрелинде Бишкек шаарында корей тили боюнча сынагынын экинчи этабы "Skills -Test" өндүрүш тармагына өтүп жатат
20 Апрель 2025

Корей тилин билүү деңгээлин текшерүү процессинин бир бөлүгү болгон бул сынакты биринчи этапты ийгиликтүү аяктаган талапкерлер тапшырышты. Экинчи этап кол чеберчилигин (негизги көндүмдөрдү) текшерүүгө , компетенттүүлүктү баалоого жана маектешүүгө багытталган бир катар практикалык тапшырмаларды аткарууну камтыйт. Тесттин эки этабын тең ийгиликтүү аяктоо талапкерлерге Корея Республикасынын жумуш менен камсыз кылуу жана Эмгек министрлигинин бирдиктүү реестрине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жумуш берүүчү конкреттүү талапкерди тандап алган учурда, анын атына эмгек визасын ачууга жана Кореяда иштөөгө мүмкүнчүлүк берген эмгек келишими жөнөтүлөт. Ушул багытты тандап алган талапкерлер багытына ылайык негизги көндүмдөр тестинен өтүштү.







