2024-жылдын 22-июлунда Италиянын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн бириктирген "COLDIRETTI SARDEGNA" Ассоциациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү

23 Июль 2024
2024-жылдын 22-июлунда Италиянын  айыл чарба өндүрүүчүлөрүн бириктирген "COLDIRETTI SARDEGNA" Ассоциациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү

Жолугушуунун алкагында "COLDIRETTI SARDEGNA" Ассоциациясы менен кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлду. 

Келишимдин алкагында үй-бүлөлүк түгөйлөргө басым жасоо менен Италиянын Сардиния аймагына фермердик чарба тармагына жумушчу ресурстарды тартуу, мыйзамдуу ишмердүүлүк, социалдык пакеттер, турак-жай жана медициналык камсыздандыруу маселелери талкууланды. 

Жумуш берүүчүлөр кыргызстандык жумушчулар үчүн реалдуу перспективаларды жана шарттарды түзүү максатында алар Италияга келген соң жергиликтүү тилди, үрп-адаттарды жана маданиятты үйрөтүүнү уюштуруп беришээрин белгилешти. 

Италиянын Сардиния аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштурууга жакшы жагдайларды жана мүмкүнчүлүктөрдү жараткан бул кызматташуу тууралуу келишимди түзүү Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчилигинин активдүү колдоосу жана элчи Базарбаев Таалайдын жеке катышуусу менен ишке ашырылды.

 Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев партнерлорго ыраазылык билдирди жана Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы жумуш орундарын камсыздаган, эки өлкөнүн өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө маанилүү салым кошкон бул келишимдин тараптардын мындан аркы ийгиликтүү жана узак мөөнөттүү кызматташуусуна да өтө маанилүү экендигине ишенээрин баса белгиледи.