2024-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын 23 жаранынан турган кезектеги топту Корея Республикасына ишке орноштуруу тутуму боюнча (EPS) жөнөтүү алдындагы окутуу жана жөнөтүү уюштурулду

23 Июль 2024
2024-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын 23 жаранынан турган кезектеги топту Корея Республикасына ишке орноштуруу тутуму боюнча (EPS) жөнөтүү алдындагы окутуу жана жөнөтүү уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (ЖЧӨИОБ) Кореядагы жумуш берүүчүлөр менен контракт түзүшкөн эмгек мигранттары үчүн корей тилин билүүгө жана аны жумушта колдонууга басым жасалган 5 күндүк жөнөтүү алдындагы окутуу уюштурду.  

Программа өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • маданияттар аралык түшүнүшүү, Корея Республикасынын тарыхын жана маданиятын үйрөнүү аркылуу кызматташууну алга жылдыруу;
  • социалдык ченемдер;
  • корей тилин билүү деңгээлин жогорулатуу;
  • кореялык коомчулукка жакшы аралашууга жана кабыл алган тараптын жетекчилиги жана кызматкерлери менен өз ара ийгиликтүү аракеттенүүгө жардам берүүчү каада-салттар.   

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул программанын алкагында 17 жылдан бери Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасынын ишканаларында жумушка ийгиликтүү орноштуруп жатат. Тараптардын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде 5 миңден ашуун кыргыз жараны жумушка жөнөтүлгөн.  

Азыркы учурда Корея Республикасында EPS программасы боюнча  1,5 миң жаран иштеп жатат. 

 Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун болжолу боюнча Корея Республикасына жумушка орношкон 1,5 миң жаран бир айда жалпы  2 700 000 АКШ долларына барабар айлык алышат.   

Эмгек мигранттарынын негизге бөлүгү кайра иштетүү өнөр жайында эмгектенишет: 

• тамак-аш; 

• химиялык өнөр жай; 

• кагаз өндүрүү;  

• пластиктен, резинадан жана айнектен буюмдарды чыгарган заводдор. 

Орточо эмгек акысы 1800 АКШ долларын түзөт. Тамак-ашка жана жашоого кеткен чыгымдар (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт. 

EPS программасынын негизги талабы корей тилин керектүү даражада билүү болуп саналат.