2025-жылдын 30-январында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө ишке орношуусу боюнча талкуу болуп өттү

03 Февраль 2025
2025-жылдын 30-январында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө ишке орношуусу боюнча талкуу болуп өттү

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору, Ош шаардык кеңеши жана Мигранттар үчүн ресурстук борбору тарабынан уюштурулду.

Жолугушуунун максаты – жергиликтүү мамлекеттик органдарды, укук коргоо органдарын, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерин жана массалык маалымат каражаттарын бириктирип, жарандардын чет өлкөдө жумушка орношуусундагы алдамчылык фактыларын жана бул көйгөйдү чечүү жолдорун талкуулоо болду.

Талкуунун негизги темасы – жумуш издеп жүрүп, алдамчылыкка жана мыйзамсыз схемаларга кабылган жарандардын маселеси болду. Башкы коркунучтар катары жасалма вакансиялар, мыйзамсыз жумушка орноштуруу схемалары жана онлайн алдамчылык белгиленип, бул көрүнүштөр жарандар үчүн олуттуу социалдык, экономикалык жана укуктук тобокелдиктерди жаратып жатканы айтылды.

Талкуу учурунда жарандарды коопсуз эмгек миграциясы тууралуу көбүрөөк маалымдоо, мыйзамсыз жумушка орношуунун тобокелдиктери жөнүндө эскертүү жана кыргызстандык жарандар үчүн эмгек рыногун диверсификациялоо зарылдыгы баса белгиленди. Айрыкча, адам укуктарын сактаган жана эмгек мигранттарын коргоо чараларын камсыздаган өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында, мамлекеттик органдар, жогорку окуу жайлар жана жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жарандарды жумушка орноштуруудагы алдамчылыкты алдын алуу максатында үзгүлтүксүз көп тараптуу кызматташууну күчөтүү зарыл экендиктерин белгилешти.