❗️ Шылуундардан сак болуңуз: Европа өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге жумушка орношууда алданып калбаңыз!

01 Июль 2025
❗️ Шылуундардан сак болуңуз: Европа өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге жумушка орношууда алданып калбаңыз!

Акыркы мезгилдерде Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерге, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө – Германияга, Польшага, Венгрияга, Хорватияга жана башкаларга жумушка орноштурууда алдамчылык фактылары көбөйдү.

 

Шылуундар социалдык тармактарда жана мессенжерлерде укмуштуудай жарнамаларды жарыялап, төмөнкүлөрдү убадалашат:

 

✅ Квалификация талап кылынбаган жогорку айлык акы;

✅ Кепилденген иш менен камсыз кылуу;

✅ Документтерди тез даярдоо жана чет өлкөгө "оңой чыгып кетүү". 

Андан кийин алар "кызмат көрсөткөндүгү" же "чакыруу алуу" үчүн алдын-ала акы төлөөнү талап кылышат, андан соң жок болуп кетишет.

 

🚫 Жарандар үчүн кандай коркунучтар бар:

🔻 Акчасын жоготуу жана жумушсуз калуу;

🔻 Жасалма документтер жана депортация;

🔻 Башка өлкөдө камсыздандыруунун жана укугун коргоо механизмдеринин жоктугу;

🔻 Карызга батып кетүү же эмгек эксплуатациясына кабылуу коркунучу;

🔻 Акча төлөгөндөн кийин шылуундар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.

 

✅ Өзүңүздү кантип коргосоңуз болот:

🔹 Социалдык тармактардагы белгисиз адамдарга эч качан акча которбоңуз.
🔹 Жумушка орноштурууну сунуш кылган агенттиктин лицензиясынын бар же жоктугун текшериңиз.

🔹 Шарттарды жакшылап карап чыккандан кийин гана келишимге кол коюңуз.

🔹 Бардык документтердин көчүрмөлөрүн жана кат алышууларды сактаңыз.

🔹 Бара турган өлкө, эмгек шарттары, чыгымдар жана реалдуу эмгек акысы жөнүндө толук маалымат алыңыз.

🔹 Европа, Япония, БАЭ, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана башка мамлекеттерге жумушка орношууну пландап жатсаңыз, уруксаты бар, расмий түрдө иштеп жаткан жумушка орноштуруучу жеке агенттиктерге гана кайрылыңыз.

 

📌 Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча расмий иш алып барган жеке агенттиктердин тизмеси менен төмөнкү сайттан таанышсаңыз болот: 👉 https://migrant.kg/ru/services/employment-agency/

 

💡 Эсиңизде болсун: 
📍 Сиздин коопсуз жумушка орношууңуз - бул сиздин коргооңуз жана эртеңки күнгө болгон ишенимиңиз.

📍 Эч ким шылуундардын курмандыгы болуп калбашы үчүн сак болуңуз жана жакындарыңызга жана досторуңузга эскертиңиз.

Эч кимдин алдамчылардын курмандыгы болбошу үчүн сергек болуңуз жана жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча жакындарыңызды, досторуңузду эскертиңиз.