Сак болуңуздар! Улуу Британияга ишке орноштуруу боюнча алдамчылык учурлары көбөйдү

23 Июнь 2025
Сак болуңуздар!  Улуу Британияга ишке орноштуруу боюнча алдамчылык учурлары көбөйдү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

⚠️ ШЫЛУУНДАРДАН САК БОЛУҢУЗДАР!

Айрыкча, сизге Улуу Британияга сезондук жумушчу программасы аркылуу акы төлөп жумушка орноштурууну сунуштагандарга кылдат көңүл буруңуздар!

Акыркы мезгилде айрым алдамчылар социалдык тармактар аркылуу өздөрүн "посредник", "консультант" катары тааныштырып, расмий жумуш, кепилдик жана тез чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн убада кылышууда — бирок иш жүзүндө анкеталарды толтуруу, документтерди даярдоо же башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча талап кылышат.

❗️ Эсиңизде болсун:
✅ Расмий программаларга катышуу социалдык тармактардагы жеке адамдарга же "менеджер" акча которууну талап кылбайт.
✅ Бардык иштер расмий мекеме жана каналдар аркылуу гана жүргүзүлөт.
✅ Көптөгөн алдамчы жарыялар кооз жасалган болушу мүмкүн, бирок юридикалык күчкө ээ эмес.

📞 Эгерде сизде кандайдыр бир шек же күмөн саноо жаралса — тобокелге барбаңыз!
Расмий мекеме же түз байланышка чыгып, маалыматты тактап алыңыздар.

📍 Борбордун даректери:
▪️ Бишкек ш., Токтогул к., 237
▪️ Ош ш., Курманжан Датка к., 128

📞+996 (559) 18-99-00
📞+996 (227) 55-03-32
📞+996(224) 55-03-32
📞0 (312) 64-17-64