Бүгүн Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS) боюнча кезектеги топ үчүн чет өлкөгө чыгуу алдында окутуу жүргүзүп узаттык

21 Май 2024
Бүгүн Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS) боюнча кезектеги топ үчүн чет өлкөгө чыгуу алдында окутуу жүргүзүп узаттык

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түштүк Кореяга эмгек келишимин алган жарандар үчүн чет өлкөгө ыгуу алдындагы окутуу өткөрдү.

 

Борбор тарабынан Кыргыз Республикасын жана анын эмгек ресурстарын популяризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш – чаралардын натыйжасында келип түшкөн контракттардын саны, ошондой эле Корея Республикасына кеткендердин саны эки эсеге көбөйдү.

Бул программанын алкагында 17 жылдан бери Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу Борбору иштеп келет жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасынын ишканаларына ийгиликтүү ишке орноштурат. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орноштурулган. Азыркы учурда Корея Республикасында EPS программасы боюнча 1,5 миңге жакын жаран эмгектенет.

Жумушка кеткендердин жалпы санынын көпчүлүк бөлүгү өндүрүш тармагында эмгектенишет:
🟧тамак-аш
🟧 химиялык
🟧кагаз өнөр жайы
🟧пластик, резина жана айнек буюмдарын өндүрүү жайы

💰Орточо эмгек акы 1800 АКШ долларын түзөт, мында жашаган жери жана тамак-ашы (жарым жартылай же толугу менен) иш берүүчүнүн эсебинен кетет.

📌EPS программанын негизги талабы - корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү.  Учурда 2024-жылы корей тилин билүү боюнча тестирлөөнүн биринчи этабы аяктады. SKILL Testинин өткөрүү графиги тууралуу маалымат www.migrant.kg  сайтка “Жаңылыктар” бөлүмүнө  2024-жылдын 3-июнунда жарыяланат.  Жаңылыктарга көз салып туруңуздар.