- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- 2025-жылдын 10-июнуна чейин чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасында жүрүүсүн мыйзамдаштырышы керек /
2025-жылдын 10-июнуна чейин чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасында жүрүүсүн мыйзамдаштырышы керек

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салууга 2025-жылдын 10-июнуна чейин мүмкүнчүлүк берилет.
Визасынын же жашап турууга уруксаттынын жарактуулук мөөнөтү аяктаган, мыйзамдуу туруусун ырастоочу документтери жок, же кирүү максаты же транзиттик өтүү эрежелерин бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ыктыярдуу легалдашуу учурунда жоопкерчиликтен бошотулат.
Өзүнүн Кыргыз Республикасында болуусун мыйзамдаштыруу үчүн эмне кылуу керек:
-жарактуу паспортунун болуусу;
-КР тышкы иштер Министрлигине (виза үчүн) "Электрондук виза" (www.evisa.e-gov.kg) аркылуу кайрылуу, байланыш номерлери: 0 (312) 66-30-70, 0 (703) 42 88 65, 0 (999) 312 002 (24/7);
-КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине (жашап турууга уруксат алуу үчүн) кайрылуу, байланыш номерлери: 0 (312) 66 39 64, 0 (509) 99 97 79;
-"Кызмат" мамлекеттик ишканасынын Калкты тейлөө борборлоруна (каттоо эсебине коюу үчүн) "Онлайн каттоо" порталы (www.ereg.e-gov.kg) аркылуу кайрылуу, байланыш номерлери: 0 (312) 38 00 98, 0 (999) 38 00 25, 119;
-визаны тариздөө үчүн тоскоолдуктардын жоктугун ырастоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарына (кайсы болбосун түзүмдүк бөлүмдөрүнө, анын ичинде региондук бөлүмдөргө) кайрылуу, байланыш номерлери 0 (312) 26 61 70, 0 (702) 82 80 28, 0 (700) 84 84 40.