Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө натыйжалуу ишке орноштуруу: Кыргыз Республикасынын эмгек рыногун диверсификациялоодо жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ролун талкуулоо

26 Июнь 2024
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө натыйжалуу ишке орноштуруу: Кыргыз Республикасынын эмгек рыногун диверсификациялоодо жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ролун талкуулоо

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору 2024-жылы 26-июнь күнү "Инсан-Лейлек" КФ менен бирдикте Германия Федеративдүү Республикасына, Чехияга, Венгрияга, Словакияга жана Түркия Республикасына Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу укугуна уруксаты бар жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жана жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктеринин Ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

 Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин Кыргызстандын тез өзгөрүп жаткан эмгек рыногунун бир бөлүгү болуп калды, анда алар кадр тармагында кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы формаларын уюштурууда катализатордун ролун ойношот жана эмгек шарттарын жакшыртууга олуттуу салым кошушат. Жолугушууда эмгекрыногун диверсификациялоо жаатында мигранттарды жумушка орноштурууда ЖИАдинролу талкууланды.  

Эмгек миграциясынын агымын башкаруу үчүн ЖИАи, иш берүүчүлөр жана мамлекет кызматташуунун багыттары боюнча макулдашып, алар чече турган милдеттерди түзүшү керек. Атап айтканда, талапкерлерди тандоодо мыйзамдуулук, ачыктык жана алардын укуктарын коргоо принциптери сакталышы керектиги талкууланды. Бирок, өлкөдө   жеке ишке орноштуруу агенттиктери институту пайда болгонунакарабастан, айрым агенттиктер эмгек мигранттарынын ишенимине кыянаттык кылып, алдамчылык учурлары да бар. 

Катышуучулар жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу процессине байланышкан ар кандай маселелерди айтышты, атап айтканда виза тариздөө, иштөөгө уруксат алуу, ЕС өлкөлөрүнө кошумча квоталарды бөлүү жана изденүүчүлөр тарабынан кабыл алуучу өлкөнүн тилдерин окутуу боюнча. Ошондой эле ЖИАнин ишмердүүлүгүн, ЧУАны жакшыртуу боюнча иштерди, атап айтканда, КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндөгү” № 175 токтомун талкуулоо үчүн бардык кызыкдар тараптар үчүн платформаны ишке киргизүү сунушталды.

Катышуучулар БУУнун жана ЭЭУнун конвенцияларынын ченемдерине жана жоболоруна, ошондой эле иш менен камсыз кылуу жана эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбага негизделген ишке орноштуруу стандарттарын өнүктүрүү зарыл экендиги жөнүндө жалпы макулдашууга келишти. Иш-чаранын соңунда катышуучулар менен "Европа - КР эмгек мигранттары үчүн жаңы миграциялык вектор" изилдөөсүнүн алкагында фокус – группалык дискуссия өткөрүлдү.