Эл аралык мигранттар күнүнө карата маалыматтык иш-чара өткөрүлдү

18 Декабрь 2024
Эл аралык мигранттар күнүнө карата маалыматтык иш-чара өткөрүлдү

2024-жылдын 18-декабрында Эл аралык мигранттар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Мигранттар үчүн ресурстук борбору менен биргеликте «Глобалдык өзгөртүү фондунун» колдоосунда Ош облусунун Араван районунун маданият үйүндө “Эмгек мигранттарына пайдалуу кеңештер” аттуу иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөдө ишке орноштуруу борборунун жана Мигранттар үчүн ресурстук борбордун кызматкерлери тарабынан коопсуз эмгек миграциясы боюнча жүргүзүлгөн иштер жана чет өлкөлөрдө ишке орноштуруучу жеке агенттиктер менен кызматташуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтар берилди.  


Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жооптор берилип, кызыктуу жана кызуу талкуу уюштурулду.