- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Чет өлкөлөрдө коопсуз ишке орношуу маселелери жана Корея Республикасына ишке орноштуруучу «EPS-TOPIK» программасы боюнча маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү /
Чет өлкөлөрдө коопсуз ишке орношуу маселелери жана Корея Республикасына ишке орноштуруучу «EPS-TOPIK» программасы боюнча маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү
2024-жылдын 12-декабрында Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясында жарандардын чет өлкөлөрдө ишке орношуу маселелерине арналган жолугушуу болуп өттү. Иш-чараны Жайыл райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы уюштурду.Жолугушуунун негизги максаты эмгек миграциясынын эрежелери жана бул тармакта тобокелдиктерди азайтуунун жолдору тууралуу маалыматтуулукту жогорулатуу максатында жарандарга чет өлкөлөрдө коопсуз жана мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, ошондой эле Корея Республикасында иштөө үчүн «EPS-TOPIK» программасы боюнча маалымат берүү болду.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борборунун өкүлү Борбордун ишмердүүлүгү жана эмгек миграциясынын аракеттеги программалары жөнүндө кеңири айтып берди. Кыргыз Республикасындагы EPS борборунун директоруКим Ынжи айым Кореяга жумушка орношуу процесси, анын ичинде «EPS-TOPIK» программасынын негизги талаптары тууралуу кеңири маалымат берди.
Жолугушуунун катышуучулары коопсуз миграциянын эрежелери тууралуу пайдалуу маалыматтарга ээ болушту, адистерге суроолорду берип, чет өлкөдө ишке орношуу маселелери боюнча жеке консультацияларды алышты.
Катышуучулар үчүн коопсуз эмгек миграциясына арналган маалымат такталары, буклеттер жана видеоматериалдар даярдалып, иш-чара актуалдуу темаларды талкуулоо жана жарандарга кеңештерди берүү менен аяктады.