Жарандардын эмгек укуктарын бузган чет өлкөлүк иш берүүчүлөр


Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан чет өлкөлүк иш берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка алуу жана ишке кабыл алуу шарттарын аткаруусуна жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында, Түркия Республикасынын “Replay Event” компаниясы жана Болгария Республикасынын “Berlin Golden Beach” мейманканасы тарабынан кыргызстандыктардын эмгек укуктарын бузуу фактылары аныкталды.
Бул аныкталган фактылардын негизинде аталган субъекттер ишенимсиз иш берүүчүлөрдүн реестрине киргизилди.
Борбор жарандарды чет өлкөдө иш берүүчүнү тандоодо өзгөчө этият болууга, жумушка орноштуруучу агенттиктердин уруксат кагаздарынын бар экендигин сөзсүз түрдө текшерүүгө ошондой эле эмгек келишиминдеги бардык шарттар менен кылдат таанышууга чакырат. Легалдуу агенттиктер жөнүндө маалымат алуу үчүн жарандар Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылса же расмий сайттан тааныша алышат: www.migrant.kg.