2025-жылдын корей тилин билүү боюнча атайын тестирлөөнүн жыйынтыгы

Документтерди кабыл алуу:
Бишкек шаары, 2025-жыл 18-июнь, Токтогул көчөсү, 237
Ош шаары, 2025-жыл 18-июнь, Ленин көчөсү, 221
2025-жылы корей тилин билүү үчүн атайын тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жарандар Корея Республикасына жумушка орношуу Реестрине катталуу үчүн төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат
Бишкек ш., Курманжан Датка көчөсү, 115;
Ош, Ленин көчөсү, 199;
Demir Bank расчеттук счет ( АКШ долларында расчеттук счет ачуу);
Медициналык справка: медициналык кароодон өтүү жөнүндө
Бишкек шаарында 2025-жылдын 11-12-июнь күндөрү.
1. Флюорография:
КММА медициналык борбору
Дареги: Бишкек ш., Касым Тыныстанов көчөсү, 1 (https://go.2gis.com/CzwfW) , кабыл алуу убактысы саат 09:00дан 14:30га чейин. Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.
2. Медициналык анализдер, офтальмолог жана отоларинголог (ЛОР):
"Unimed" медициналык борбору
Дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыра көчөсү, 3в. (https://go.2gis.com/6aYKa) , кабыл алуу убактысы саат 08:30дан 13:00гө чейин. Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.
⚠️ Анализдерди ачкарын абалда тапшыруу талап кылынат.
Ош шаарында 2025-жылдын 11-12-июнь күндөрү. Ош облусу боюнча Медициналык анализдер: "Aqua Lab" лабораториясы
Дареги: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 228 (https://go.2gis.com/3UYoD)
Сүрөт 3,5х4,5 (2 даана) ак фондо кара кийим;
Паспорттун ( ID жана чет өлкөлүк) түстүү көчүрмөлөрү;
Изденүүчүлөрдүн реестрине каттоо үчүн 300 сом төлөгөндүгү тууралуу квитанция.
300 сом чет өлкөдө ишке орношууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн «РСК банк» (Элдик банк) аркылуу
Алуучу: | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору |
ИНН: | 03010200210058 |
Банк: | КР МФКнын Борбордук казыналыгы |
БИК: | 440001 |
Өздүк эсеп: | 4402051102002435 |
Төлөм коду: | 14233100 |
Төлөмдүн максаты: | Чет өлкөдө жумушка орноштурууга көмөктөшүү (үчүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору) |