📢EPS системасы боюнча Түштүк Кореяда эмгектенип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына консультациялык колдоо

08 Октябрь 2025
📢EPS системасы боюнча Түштүк Кореяда эмгектенип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына консультациялык колдоо

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирет: Түштүк Кореяда Employment Permit System (EPS) системасы аркылуу E-9 визасы менен иштеп жаткан чет элдик жарандар эмгек мамилелерине, иш берүүчүлөр менен түшүнбөстүктөргө же башка жумуштук маселелерге байланыштуу суроолор жаралганда акысыз консультациялык жардамды атайын борборлордон ала алышат.

Консультация алуу үчүн жарандар төмөнкү байланыштар аркылуу кайрыла алышат:
📞 Телефон аркылуу: 1577-0071 — консультациялар кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
🕘 Иш убактысы: саат 9:00дан 18:00га чейин (Корея убактысы боюнча);
🌐 Веб-сайт: www.hugkorea.or.kr.

Консультациялык борборлор төмөнкү багыттар боюнча жардам көрсөтүшөт:
• Эмгек талаштарын жана иш берүүчүлөр менен пикир келишпестиктерди жөнгө салуу;
• Чет элдик кызматкерлердин эмгек укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берүү;
• Түштүк Кореяда жашоо жана иштөө шарттарына ыңгайлашууга көмөк көрсөтүү.

Бардык консультациялар акысыз жана купуя түрдө жүргүзүлөт.
Борбор EPS программасы Е-9 виза боюнча иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын жумуштагы кандай гана кыйынчылык болбосун убагында жардам сурап кайрылууга чакырат — Call-center адистери мыйзамдуу жана коопсуз чечим табууга көмөк көрсөтүшөт.