- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Кыргыз Республикасы менен JITCO (Япония) эмгек миграциясы жаатында кызматташууну бекемдөөдө /
Кыргыз Республикасы менен JITCO (Япония) эмгек миграциясы жаатында кызматташууну бекемдөөдө

2025-жылдын 16-апрелинде Японияга болгон расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун директору Кудайбердиев Б.Э. Япониянын Техникалык адистерди жана квалификациялуу жумушчуларды даярдоо жаатындагы эл аралык кызматташтык уюму (JITCO) менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылы Кыргыз Республикасы менен Япониянын компетенттүү органдарынын ортосунда кол коюлган кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун ишке ашырылышы боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Айрыкча «Өзгөчө жөндөмдүүлүк-1» жана «Өзгөчө жөндөмдүүлүк-2» визалык категориялары боюнча кыргыз жарандарынын жумушка орношуу программасын илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап блок-схеманын макулдашуу иштери аяктап, Японияда иштөөгө кызыккан жарандарды каттоо башталгандыгы тууралуу маалымат берди.
Жолугушууда кыргыз тарап JITCO менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду даярдоо жана кол коюу сунушун дагы көтөрүп чыкты. Бул документ Кыргыз Республикасынан жумушчу жөнөтүүчү уюмдарды расмий таанууга жана туруктуу, ачык-айкын жумушка орноштуруу механизмин түзүүгө жол ачкан маанилүү кадам болмокчу.
JITCO уюмунун жетекчилиги бул демилгени колдоп, чет өлкөлүк жумушчуларды тартууда структураланган жана этикалык ыкманы жөнгө салуу маанисин белгилешти. Япон тарап кыргыз тараптын институттук процедураларды бекемдөө боюнча аракеттерин жогору баалап, мындан аркы конструктивдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.
Тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда коопсуз жана жөнгө салынган эмгек миграциясынын өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдерине ишенимин билдиришти.