Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги миграция мыйзамдарын бузган, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн, Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин жарыялайт

23 Ноябрь 2024
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги миграция мыйзамдарын бузган, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн, Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин жарыялайт

Бул тизмеде Кыргыз Республикасынын 71 949 жараны бар. Бул категорияга эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзүү, дактилоскопиялык каттоодон, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү же миграциялык каттоого туруу жөнүндө маалыматы жок адамдар кирет.

2025-жылдын 1-январынан тартып, бир календардык жыл ичинде чет өлкөлүк жарандардын РВП, убактылуу жашап турууга уруксат же эмгек/жарандык-укуктук келишимсиз болушун 90 күнгө чейин чектөө жөнүндөгү Россия Федерациясынын Федералдык Мыйзамы күчүнө кирет. Бул мыйзам буга чейин үч ай сайын мезгил-мезгили менен чыгып туруу жана кирүү тажрыйбасын колдонгон жарандарга таасирин тийгизет. 

2025-жылдын 5-февралынан тартып Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандар үчүн “чыгаруу режими” иштей баштайт. Тартип бузуучулар контролдонуучу адамдардын Реестрине киргизилет жана чектөө чараларына дуушар болушат. 

Россия Федерациясынын мыйзамдарынын белгиленген милдеттерин аткарбоо депортацияга жана адистештирилген мекемелерге жайгаштырууга алып келет.

Кыргызстандын жарандарына терс кесепеттерге дуушар болбоо үчүн белгиленген талаптарды сактоону сунуш кылынат.

 

Тизмени ушул шилтеме аркылуу текшерсеңиздер болот.

 

Маалымат алуу үчүн байланыштар:

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү.

Дареги:     Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, 5-курулма

Телефону : +7 (495) 197 76 71, ишеним телефону: +7 (925) 030 26 27;

E-mail: pred.mtsom@mail.ru

 

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги:

Дареги: 115127, Москва ш., Большая Ордынка көчөсү, 64

Телефону: +7 (499) 237 65 65;

Москвадагы консулдуктун ишеним телефону:

Телефон: +7 (925) 115 50 47, +7 (925) 285 50 47;

E-mail: kgembassy.ru@mfa.dov.kg