- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Эмгек министри Р.А. Сабиров Улуу Британияга сезондук жумушка баруучу жарандардын тандоо процессинен кабар алды /
Эмгек министри Р.А. Сабиров Улуу Британияга сезондук жумушка баруучу жарандардын тандоо процессинен кабар алды

2025-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров Улуу Британиянын айыл чарба секторунда сезондук иштөөгө талапкерлерди тандоо иш-чарасынан кабар алды. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары – Борбор) жана Улуу Британия өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген “HOPS Labor Solutions Ltd” жана “Pro-Force” операторлору тарабынан уюштурулган.
Борбордун расмий migrant.kg сайты аркылуу онлайн каттоодон өткөн жарандар бир нече тандоо баскычынан өтүүдө. Алардын арасында тестирлөө, маектешүү жана физикалык жөндөмүн текшерүү (skill test) сыяктуу этаптар бар. Бул процесстер талапкерлердин жумушчу катары квалификациясын жана даярдыгын текшерүүгө багытталган.
Министр Р.А. Сабиров аталган иш-чаранын жүрүшү менен таанышып, талапкерлердин тандоо процессин байкоого алып, уюштуруу иштеринин жүрүшүнө баа берди. Ал чет өлкөдө ишке орношуу процесси Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ачык-айкын, коопсуз жана натыйжалуу жүргүзүлүшү керектигин белгилеп өттү. Ошондой эле, ал Улуу Британиядан келген операторлордун өкүлдөрү менен жолугуп, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Маалымат үчүн:
Жыйынтыгында, тандоо процессинин акыркы этабынан ийгиликтүү өткөн жарандар Улуу Британиянын айыл чарба секторунда 6 айга чейинки мөөнөткө расмий ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
- 2023-жылы - 5200 жаран,
- 2024-жылы - 8131 жаран (анын ичинен ЖИА аркылуу 4276 жаран) Улуу Британиянын фермердик чарбаларында ишке орношкон.
- 2025-жылдын 17-февралында “HOPS Labor Solutions Ltd” операторунун онлайн каттоосуна 33 506 жаран арыз берген, алардын ичинен 2250 жаран бетме-бет маектешүүгө чакырылган.
- 20-февралда “Pro-Force” операторунун онлайн каттоосуна 2000 жаран катышкан.
Министрликтин тиешелүү кызматтары жарандарыбыздын чет өлкөдө иштөө шарттарын жакшыртуу жана коопсуз миграцияны камсыз кылуу боюнча иштерди уланта бермекчи.







