- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Эмгек министри: Ишке орноштуруу жана миграция инфраструктурасын өнүктүрүү-жарандардын ийгилигинин өбөлгөсү /
Эмгек министри: Ишке орноштуруу жана миграция инфраструктурасын өнүктүрүү-жарандардын ийгилигинин өбөлгөсү
9-январь күнү, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна барды. Борбор консультациялык колдоо көрсөтөт жана жарандарды өлкөдөн тышкары жумушка орноштурууга көмөктөшөт.
Сапардын жүрүшүндө министр 2025-жылы күчүнө кирген Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жөнүндө жарандарга өз убагында маалымдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бош орундар жөнүндө маалымат берүүгө, документтерди тариздөөгө жардам берүүгө жана чет элдик жумуш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулду.
Равшанбек Сабиров кыргыз эмгек мигранттарынын коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыз кылуу зарылдыгына басым жасады. Ал белгилегендей, борбордон жардам сурап кайрылган жарандар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү Министрликтин артыкчылыктуу багыты болуп саналат.
"Биздин башкы милдетибиз — жарандардын укуктарын коргоо жана алардын кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү. Биз жумушка орноштуруу жана миграция инфраструктурасын өнүктүрүүнү улантышыбыз керек, ошондо биздин жарандар ар бир этапта — чыгууга даярдануудан тартып, ийгиликтүү ишке орношууга чейин колдоого ээ болушат", — деди министр.
Сапар учурунда Равшанбек Сабиров борборго кайрылган жарандар менен жолугушуп, чет өлкөдө мыйзамдуу жана коопсуз ишке орношуу үчүн эмгек рыногун диверсификациялоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал бул максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен тыгыз иштешүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Министр иш менен камсыз кылуу боюнча жеке агенттиктердин ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн алардын ишмердүүлүгүн кылдат талдоо зарылдыгына көңүл бурду.