Миграция боюнча эл аралык уюм Улуу Британияга иштегени бара жаткан КР жарандары үчүн кыргыз жана орус тилдеринде окуу куралдарын таратты.

29 Сентябрь 2025
Миграция боюнча эл аралык уюм Улуу Британияга иштегени бара жаткан КР жарандары үчүн кыргыз жана орус тилдеринде окуу куралдарын таратты.

2025-жылдын 24-сентябрында, Кыргызстандагы Эл аралык миграция уюму Жарандарды чет өлкөдө ишке орношуу борборуна жарандар үчүн кетер алдында даярдоо боюнча колдонмонун 1700 нускасын тапшырды. Колдонмолор кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган.
Бул материалдар Улуу Британияга Сезондук жумушчулар программасы аркылуу жумушка бара турган кыргызстандыктар үчүн даярдалган. Бул программа боюнча жылына болжол менен 10 миң жаран иштеп келет.
Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ник Боулер мырза «бул колдонмолор Кыргызстандан барган жарандардын Улуу Британиядагы коопсуздугун жогорулатууга жардам берет деп ишенебиз», — деп белгиледи.
Жарандарды кетер алдында даярдоо алардын чет өлкөдө коопсуз, корголгон жана ишенимдүү болуусу үчүн абдан маанилүү.