Коопсуз миграция жумалыгы: коопсуздукту жана маалымдуулукту камсыздоо
Жыл сайын 18-декабрда белгиленүүчү “Мигранттардын эл аралык күнүн” утурлай Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору “Solidarity” борбору менен биргеликте “Коопсуз миграция жумалыгы!” башталгандыгын жарыялайт.
🗓 11-декабрдан 17-декабрга чейин жарандардын коопсуз миграция жолдору жана чет өлкөлөрдө өз укуктарын коргоо боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык өнөктүк өткөрүлөт.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Жыл сайын Кыргызстандын миңдеген жарандары иш издеп чет өлкөгө чыгып кетишет. Өнөктүктүн негизги максаты —ачык, коопсуз жана ийгиликтүү миграция үчүн шарттарды түзүү. “Коопсуз миграция жумалыгы” жарандарга тобокелчиликтерди азайтуу үчүн зарыл маалыматтарга жана инструменттерге жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.
📌 Жаңылыктарды Борбордун www.migrant.kg. расмий сайтынан жана социалдык тарамдардагы расмий баракчаларынан байкап туруңуз