Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү коррупцияга жана алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө

10 Апрель 2026
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү коррупцияга жана алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү алдамчылык фактыларына каршы системалуу ишти улантууда.


Ишмердиктин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу максатында Борбордун жетекчилиги кызматкерлер арасында коррупцияга жол бербөө, кызматтык этиканы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Урматтуу жарандар! 


Сиздин укуктарыңызды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарыңызды коргоо максатында,  кыраакы болууңуздарды өтүнөбүз.

Эгерде Борбордун кызматкерлери тарабынан коррупциялык элементтер аныкталса: 0312 65 02 57 номерине кайрылып, аныкталган фактылар жөнүндө билдирүүңүздү суранабыз.


Бардык кайрылуулар мыйзамда белгиленген тартипте каралат.