EPS-TOPIK программасы боюнча Корея Республикасына ишке орношуу үчүн жалпы тестирлөөгө онлайн каттоо ачылды

23 Февраль 2026
EPS-TOPIK программасы боюнча Корея Республикасына ишке орношуу үчүн жалпы тестирлөөгө онлайн каттоо ачылды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2026-жылдын EPS программасы боюнча тестирлөөгө онлайн каттоо ачылганын маалымдайт. 

 

EPS-TOPIK программасы талапкерлердин корей тилин билүү деңгээлин жана кесиптик көндүмдөрүн текшерүүнү, ошондой эле иш берүүчүлөрдү табууга жана керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүүнү камтыйт.

 

Тестке катышуу үчүн www.migrant.kg Борбордун расмий сайтына кирип, төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыруу керек:

 

  • gmail.com почтасы;
  • Сүрөт ак фондо 3,5х4,5 өлчөмүндө, акыркы алты ай ичинде (JPG формат);
  • Жалпы жарандык паспорт (JPG формат);
  • Тестке катышуу үчүн $28 төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын сүрөтү .

Бардык документтер түшүнүктүү жана окула турган болушу керек. Төлөмдүн квитанциясы өзүңүзгө сактап, тестирлөө күнү Борборго тапшырылат. Каттоодон өтүүдө тиешелүү шилтемени тандоо керек:

 

КАТООГО ШИЛТЕМЕ

 

!!КӨҢҮЛ буруңуз! Арыз бир жолу кабыл алынат, бардык дубликаттар жокко чыгарылат.

 

Банк реквизиттери:

28 АКШ доллар (корей тилин билүү тести үчүн)

 

Мекеменин аталышы: КР ФМ борбордук казыналыгы

Банктын аталышы: ОАО РСК Банк

Расчеттук счету: 1299005030100020

БИК: 129001

Төлөм коду:14233100

Өздүк эсеп: 4402051102002435

Төлөмдүн максаты: өздүк эсеп: 4402051102002435 корей тилин билүү тестин үчүн (Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору).

 

Маанилүү!

  • Тесттен ийгиликтүү өтүү келишимди алууга кепилдик бербейт;
  • тестирлөөдөн өткөн жарандар 2 жылдык мөөнөткө талапкерлердин бирдиктүү реестрине киргизилет;
  • тизмеге киргизилген жарандарды тандоо иш берүүчү тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт, андан кийин контракт кыргыз тарапка жиберилет.


Көңүл буруңуз!

Жеке, юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары ишке орношуу процессине (документтерди тапшырууга, тесттен өтүүгө, контрактты тандап алууга жана алууга) таасир эте алышпайт жана көмөк көрсөтө алышпайт.