Улуу Британиянын сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо

📅 Каттоо күнү: 17-февраль 2025-жыл
⏳ Каттоо убактысы: 15:00 – 19:00 (Бишкек убактысы боюнча)
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо ачылганын жарыялайт. Каттоо HOPS Labour Solutions Ltd (HOPS) оператору аркылуу жүргүзүлөт.
⚠ Маанилүү! Каттоо үчүн шилтеме так көрсөтүлгөн убакытта – 15:00 19:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча) активдүү болот.
📌 Эгерде көрсөтүлгөн убакытта каттоодон өтпөсөңүз, кийин арыз берүү мүмкүн болбойт!
🔗 Каттоо шилтемеси төмөнкү расмий булактарда жарыяланат:
📌 Борбордун расмий сайты – www.migrant.kg
📌 Instagram баракчасы – info.migrant.kg
📌 HOPS расмий сайты – https://www.hopslaboursolutions.com/recruitment-instructions
Ийгиликтүү катталуу үчүн талап кылынат:
✅ Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу жалпы жарандык0 паспорту
✅ Gmail электрондук почтасы (аты-жөнүңүз паспорттогу маалыматка туура келиши керек)
✅ Жарык фондо тартылган паспорттук форматтагы сүрөт (электрондук түрдө)
⚠ Маанилүү! Онлайн каттоо кийинки тандоо этаптарына катышууга кепилдик бербейт – бул сиздин кызыкдар экениңизди гана тастыктайт.
Тандоо этаптары:
📅 21 – 23-февраль 2025-жыл – онлайн-тестирлөө (HOPS оператору тарабынан жүргүзүлөт).
📩 Тандалып алынган талапкерлерге гана чакыруу электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Почтаңызды, анын ичинде "Спам" папкасын да текшерип туруңуз.
📅 Кийинки этап – офлайн маектешүү (HOPS өкүлдөрү тарабынан өткөрүлөт).
📌 Эгерде сиз офлайн маектешүүгө чакыруу албасаңыз, анда онлайн тестирлөөдөн өтпөй калдыңыз дегенди билдирет.
Катышуучулар үчүн талаптар:
✔ Жаш курагы: 18 жаштан жогору
✔ Орус тилин жакшы билүү
✔ Физикалык жана психологиялык жактан канааттандырарлык абалда болуу
Иштөө шарттары:
💷 Эмгек акы – саатына 11.44 фунт стерлинг
📅 Гарантталган минималдуу жумуш убактысы – жумасына 32 саат
🛂 Виза төлөмү – 298 фунт стерлинг
✈ Авиабилеттин баасы валюта курсуна жана сатып алуу учуруна жараша болот
⚠ Маанилүү!
✔ Тандоо жараянын толугу менен HOPS оператору өткөрөт.
✔ Борбор тандоо жараянына катышпайт.
✔ Сезондук жумуш программасы боюнча ишке орношуу – толугу менен акысыз!
✔ Шылуундардан жана акча талап кылган коммерциялык компаниялардан сак болуңуз!