Прага процессине мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна таанышуу сапары

16 Октябрь 2024
Прага процессине мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн Жарандарды чет өлкөдө  ишке орноштуруу борборуна таанышуу сапары

 

Прага процессинин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон окуу визитинин алкагында аларды Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун (ЖЧӨИОБ) ишмердүүлүгү менен тааныштыруу уюштурулду.

Прагалык процесс Европалык Биримдиктин жана Борбордук Азиянын 9 мамлекетин бириктирген, миграциялык процесстерди жана кызматташууларды жакшыртууга көмөк көрсөтүүчү максаттуу диалог жана саясий процесс болуп саналат.    

Прага процессинин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон окуу визити үстүбүздөгү жылдын 15-17-октябрларында өтүүдө.  

Визиттин жүрүшүндө катышуучуларга ЖЧӨИОБдин Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган ишмердүүлүгү, Борбордун иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктеринин ишин жөнгө салуу, алар көрсөткөн кызматтардын сапатына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо процесстерин илгерилетүү боюнча аткарылып жаткан жумуштары менен кеңири таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берилди.

Мындан тышкары, катышуучуларга эмгек миграциясынын өзгөчөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын эл аралык эмгек мамилелерине катышуу масштабын түшүнүүгө мүмкүндүк берүүчү актуалдуу миграциялык тенденцияларды жана эмгек миграциясынын агымынын динамикасын чагылдырган кеңейтилген статистикалык маалыматтар берилди. 

Чет өлкөлөрдө ишке орношуу маселелери боюнча консультацияларды алуунун жол-жоболоруна, эмгек миграциясын пландаштырган жарандар үчүн алдын ала окутууларды уюштурууга, ошондой эле жумушка орношуунун негизги өлкөлөрү үчүн жалдоо процесстерине өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучуларга Борбордун жумуш издеген жарандар менен байланышуусунда жана коопсуз эмгек миграциясын уюштурууда маанилүү курал катары кызмат кылып жаткан www.migrant.kg расмий сайты тууралуу кенен маалыматтар берилди. 

Окуу сапары Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) колдоосу менен уюштурулган, бул миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана чет өлкөлөрдө ишке орношуу  чөйрөсүндө эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.