- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Корей тилин билүү деңгээлин тестирлөөнүн биринчи этабы ийгиликтүү аяктады /
Корей тилин билүү деңгээлин тестирлөөнүн биринчи этабы ийгиликтүү аяктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Корея Республикасынын EPS борбору менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарларында корей тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн биринчи этабын аяктады. Бул тестирлөө Корея Республикасында жумушка орношуу үчүн талапкерлерди тандоо процессинин негизги бөлүгү болуп саналат.
2023-жылы Борбордун жетекчилиги тил сынагын Бишкекте эле эмес, аймактагы миграциялык активдүүлүктү эске алуу менен Ош шаарында да өткөрүү тууралуу EPS борбору менен макулдашууга жетишкен. Бул чечим тестирлөөдөн өтүүнү каалаган жарандар үчүн транспорттук жана башка коштоочу чыгымдарды кыйла кыскартууга мүмкүндүк берди.
Тестирлөөнүн биринчи этабы Бишкек шаарында 21-февраль-4-мартта, Ош шаарында 6-7-мартта өткөрүлдү.
Тесттин биринчи этабы эки бөлүмдү камтыды: угуу жана окуу, ар биринде 20 суроо бар. Сынактын жалпы узактыгы 50 мүнөттү түзүп, 20 мүнөт угууга, 30 мүнөт окууга бөлүндү.
Талапкерлер үчүн өтүү баллын Корея Республикасынын Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматы аныктайт.
Белгилей кетүүчү нерсе, тесттен ийгиликтүү өтүү автоматтык түрдө жумушка орношууга кепилдик бербейт, бирок талапкерлерге Корея Республикасында иштөөнү каалаган адамдардын маалымат базасына кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сынактан өткөн талапкерлер гана жумушка орношуу үчүн анкета толтурууга мүмкүнчүлүк алышат. Жумуш берүүчү талапкерди тандап алган учурда, ага Корея Республикасына иштөө визасын алуу мүмкүнчүлүгүн ачкан эмгек келишими сунушталат.
Тандоонун кийинки этаптары:
- Тестирлөөнүн биринчи этабынын жыйынтыктары болжол менен 2025-жылдын 20-мартында Борбордун расмий сайтында жарыяланат.
- Тестирлөөнүн экинчи этабы (SKILLS-TEST) 2025-жылдын 19-20-апрелине белгиленген жана Бишкек шаарында өтөт.
EPS-TOPIKпрограммасы жөнүндө: EPS-TOPIK - бул Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасында ишке орноштуруу процессин жөнөкөйлөтүү үчүн иштелип чыккан атайын программа. Ал корей тилин билүү деңгээлин жана Кореяда ийгиликтүү иштөө үчүн зарыл болгон кесиптик көндүмдөрдү текшерүүнү камтыйт.
Жарандарды чет өлкө ишке орноштуруу борбору КР жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн үстүндө жигердүү иштөөнү улантууда жана жарандарды расмий маалыматтык ресурстардагы жаңы маалыматтарга такай көз салып турууга чакырат.


