Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен “АНДИ ГРУПП” компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

05 Февраль 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен “АНДИ ГРУПП” компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

2025-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиевдин «АНДИ ГРУПП» (РФ) компаниясынын башкы директорунун орун басары Юрий Костюк башында турган компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясында ишке орноштурууга жогорку кызыкдар экендигин билдиришти. Талкууда «АНДИ ГРУПП» компаниясы Кыргыз Республикасынан жумушчу күчүн тартууга кызыкдар экени айтылды. 

Өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, кызматташтыкты бекемдөөгө жана иш менен камсыз кылуу жаатында тажрыйба алмашууга жардам берет.

Келишимге ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары компаниянын кампа комплекстеринде логистикалык операцияларды (товарларды сорттоо, таңгактоо жана жайгаштыруу) уюштуруу  жумуштарына орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Келишимде 90 000ден 120 000 миң рублга чейин айлык акы, ошондой эле жумуш берүүчүнүн эсебинен турак жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу каралган.