Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен “ОЗОН Комьюнити” компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

16 Июль 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен  “ОЗОН Комьюнити” компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

2024-жылдын 12-июлунда Россия Федерациясында талапкерлерди жумушка орноштуруу багытындагы өз ара мамилелерди жана кызматташууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Б.Э.Кудайбердиев менен Россиялык «ОЗОН Комьюнити» компаниясынын генералдык  директору А.П.Курамов Кызматташуу тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюшту. 

Келишимдин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары логистикалык иштерди уюштуруу (товарларды таңгактоо, сканерлөө, жайгаштыруу) үчүн  «ОЗОН Комьюнити» компаниясынын кампа комплекстеринде жумушка кабыл алынышат. 

Келишимде жумушчуларга жол кире, турак-жай жана түшкү тамак-аш,  эмгек акысына кошумча катары 114400 рублдан баштап 100 пайыздык толук эмгеги үчүн сыйлык берүү камтылган.   100 пайыздык толук эмгеги үчүн сыйлык 74400 рубль, жумуш 100 пайыздан жогору болсо сыйлык ошого жараша көбөйтүлөт. 

Толугураак маалымат алуу үчүн адистерге 0(312) 64-17-64 телефонуна кайрылууга болот.