Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясында ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз аракеттер алдын алынды

23 Март 2026
Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясында ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз аракеттер алдын алынды

2026-жылдын 22-мартында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте иш-чаранын алкагында Россия Федерациясына иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамсыз жумушка тартуу аракети токтотулду.

Борборго келип түшкөн маалыматтарга ылайык, Бишкек шаары Кадырбай-Ата көчөсү 1, дарегинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясына ишке орноштурууга багытталган мыйзамсыз иш-чара уюштурулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган иш-чараны уюштурган жактар Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксаты жок экени аныкталды.


Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР ИИМнин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренесине ылайык («Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк») административдик протокол түзүлдү.


Борбор чарба жүргүзүүчү субъекттерди, юридикалык жана жеке жактарды эскертет: Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берилген расмий уруксаттын болушу — мыйзамдын талабы.


Борбор Кыргыз Республикасынын жарандарына сак болууга жана чет өлкөдө иш сунуштаган агенттиктердин уруксат документтеринин бар экендигин текшерүүгө чакырат. Агенттиктин мыйзамдуу иш жүргүзүп жатканын Борбордун расмий сайты аркылуу текшерүүгө болот: https://migrant.kg