📲 “АМИНА” ТИРКЕМЕСИ МИГРАНТТАР ҮЧҮН: КАНТИП ИШТЕЙТ, ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК, ANDROID ЖАНА IPHONE КАЙДАН ЖҮКТӨӨГӨ БОЛОТ

05 Сентябрь 2025
📲 “АМИНА” ТИРКЕМЕСИ МИГРАНТТАР ҮЧҮН: КАНТИП ИШТЕЙТ, ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК, ANDROID ЖАНА IPHONE КАЙДАН ЖҮКТӨӨГӨ БОЛОТ

“Амина” тиркемеси – бул Россиядагы миграциялык каттоону алыстан жүргүзүүгө арналган жаңы санарип куралы. Анын негизги максаты – мигранттын геолокациясы боюнча маалыматты РФ Ички иштер министрлигине (ИИМ) автоматтык түрдө жана үзгүлтүксүз жөнөтүү. Бул система чыныгы жайгашкан жер мигрант каттоодо көрсөткөн дарек менен дал келеби же жокпу, реалдуу убакыт режиминде текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Эгер дал келбесе, бул мыйзам бузуу катары катталат.

“Амина” тиркемеси кантип иштейт

Колдонуу үчүн мигрант алгач Москвадагы “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборуна (ММЦ) барып, “Чет элдик жаран картасын” алышы керек жана анын жардамы менен тиркемеге катталат.

Бул тиркеме мыйзамды сактап иштеген жарандар үчүн мамлекеттик органдарга барбай эле каттоону жеңилдетет. Ошол эле учурда мыйзамсыз ишке орношууга жана жалган каттоолорго каршы күчтүү механизм болуп саналат. Эрежелерди бузгандар “башкарылуучу адамдардын реестрине” киргизилип, айып пулга, ишке кирүү мүмкүнчүлүгүн жабууга жана өлкөдөн чыгарылууга дуушар болушу мүмкүн.

“Амина” программасы качан иштей баштайт 

Программа азырынча Москва жана Москва облусунда сыноо тартибинде иштеп жатат. Расмий киргизүү төмөнкүдөй этап менен башталат:

  • 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып – Москва жана Москва облусуна визасыз келип иштеген бардык эмгек мигранттар тиркемени милдеттүү түрдө орнотушат.
  • 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып – визасыз келип 90 күндөн ашык убакытка эмгектенбеген максаттар (туризм, окуу, жеке сапар) менен келген чет элдик жарандар үчүн да талап кылынат.

Кимдер “Амина” тиркемесин орнотууга милдеттүү

  • 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып – Москва жана Москва облусуна визасыз келген эмгек мигранттар.
  • 2026-жылдын 1-сентябрынан баштап – визасыз келип, 90 күндөн ашык эмгектенбеген максаттар менен жүргөн чет элдик жарандар.

Бул талаптан төмөнкүлөр бошотулат: 18 жашка чейинки мигранттар, Беларус Республикасынын жарандар, дипломаттар жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү.

“Амина” кандай маалыматтарды жөнөтөт 

Тиркеме негизинен геолокация маалыматтарын МВД Россияга жөнөтөт. Ошондой эле төмөнкү маалыматтарды сурашы мүмкүн:

  • Жеке маалыматтар: жашаган дарек жана анын өзгөрүшү тууралуу билдирүүлөр;
  • Идентификаторлор: колдонуучуну системада таануу үчүн керектүү маалыматтар;
  • Фото жана видео: инсанды текшерүү үчүн колдонулат.

Жыйналган бардык маалыматтар түздөн-түз РФ Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт. 

“Амина” тиркемесин кайдан жүктөөгө болот 

Тиркемени жүктөп алуу үчүн жалгыз расмий булак – RuStore. Google Play же Apple App Store аркылуу издегенде расмий эмес колдонмолор чыгышы мүмкүн, алар миграциялык каттоого тиешеси жок. Мындай тиркемелерди колдонуу жеке маалыматтарды уурдоого же зыяндуу программаларды орнотууга алып келиши ыктымал.

📌 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарга Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын бузбоо үчүн Москва жана Москва облусундагы чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча жаңы эрежелер менен алдын ала таанышып чыгууну сунуштайт.